Бишкекте судья пара алуу боюнча шектелип жатат.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы
күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында
Биринчи май райондук сотунун судьясы кармалды.
Ал 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго
түшүрүлдү. Сотко чейинки өндүрүш башталды