Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке ири суммада зыян келтиргени аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, министрлик ковид менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банктан
бөлүнгөн каражатка белгилүү дары-дармектерди сатып алышы керек болчу. Бирок процесс учурунда
ал препараттар тизмеден чыгарылган. Андан тышкары, былтыр апрелде ведомство жана фармкомпания
ортосунда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 3,5 миллион сомго дары-дармек алууга келишим түзүлгөн,
бирок сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин медициналык мекемелерге берилген эмес.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.