Жалал-Абадда сабалган бала боюнча иш сотко өтөт

Жалал-Абадда сабалган бала боюнча иш сотко өтөт.

Аймактык милициядан билдиришкендей, Аксы районундагы

Кабанов атындагы мектеп окуучуларынын мушташы 6-февралда

курулуп жаткан спорт залдын имаратында болгон. Анда 9-класстын

6 окуучусу 1 баланы ур токмокко алышкан. Жабырлануучу эртеси

райондук оорукананын жаракат бөлүмүнө кайрылып, апасы милицияга

арыз жазган. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылгандан кийин,

сабалган баланын апасы тосмо арыз жазды. Бирок, ал

канааттандырылган жок. Учурда соттук-медициналык

экспертизанын корутундусу чыгарылды.