Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт.
Эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Тунгуч кичи районунда,
Рухий-Мурас, Арча-Бешик, Мурас-Ордо конуштарында,
Буденый, Абдрахманов, Пржевальск, Махатма Ганди жана
Караванский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жарык жок болот.
Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.