Бишкекте троллейбустар улуттук колоритте жасалгаланат.
Ордо калаанын троллейбус башкармалыгы жалпы автопаркты бирдиктүү стилге өткөрүү ниетинде.
Мэриядан билдиришкендей, троллейбустардын сырткы бөлүгүнүн дизайнында кыргыз оюм-чийимдери жана элдик макал-лакаптардын тексттери жазылат.
Бүгүнкү күндө жаңы дизайнда 20 троллейбус жасалды.
1-сентябрга чейин дагы 36 троллейбус ушундай стилге өткөрүлөт.