Милиция чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатуудан баш тартууну сунуштайт

Милиция чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатуудан баш тартууну сунуштайт. Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, бир күндө эле мессенджер аркылуу коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан сегиз факт катталды.

 

Социалдык тармактар аркылуу туура эмес, жалган маалымат тараткандарга кылмыш кодекси боюнча чара көрүлөт, — деди Орозалиев.