Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кубаттуулугу 500 киловатт болгон кичи ГЭСтин курулушу башталды.
Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Сай-Конок тилкесиндеги курулушту ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Курулуш иштерине жеке ишкер инвестиция салган.
Долбоордун сметалык баасы 720 миң долларды түзөт.