Ошто энергетиктер электр жарыгы өчүшү мүмкүн экенин эскертишти

Электр энергиясы үнөмдүү колдонулбаса өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал. Бул тууралуу 16-декабрда «Ош электр» жана «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын жетекчилери Ошто басма сөз жыйынында билдиришти.

 

Алардын маалыматына караганда, өкмөттүн токтому менен ар бир аймака электр колдонуу лимити коюлган. Анын негизинде Ош жана Баткен облустарына күнүнө 12 млн. 965 миң киловатт-саат берилген. Учурда аталган аймактарда электр энергиясын колдонуу 14 млн. 938 миң киловаттка жетүүдө.

 

Электр энергиясын колдонуу боюнча коюлган чектөөлөр азырынча бир да аймакта сакталбай жатканын эки күн мурун «Улуттук энергохолдингдин» өкүлдөрү да билдиришкен. Ноябрь айында 36 миллион киловатт-саат энергия колдонулса, декабрдын алгачкы эки аптасында күнүнө бул көрсөткүч 52 миллион 710 миң киловатт-саатка жетти. Энергетиктер быйыл Токтогул суу сактагычында топтолгон суу аз болгону да энергиянын тартыштыгына алып келгенин айтып жатышат.