Чет өлкөлөрдөн добуш берүүчүлөрдүн саны жогорулады

Чет өлкөлөрдөн добуш берүүчүлөрдүн саны жогорулады.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей,

учурда 32 миң 580 адам чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринен добуштарын бере алышат.

Жалпысынан Кыргызстандан башка өлкөлөрдө 45 шайлоо участкасы түзүлдү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катталды.