Кыргызстанга оң рулдуу унааларга тетиктерди алып келүүгө тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанга оң рулдуу унааларга тетиктерди алып келүүгө тыюу салуу сунушталды.

 

Сунушту Санариптик өнүктүрүү министрлиги көтөрдү. Андан түшүндүрүшкөндөй, 2015-жылы оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилген эмес.

 

Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу машинелерди кураштырган тетиктер өлкөгө тоскоолдуксуз алып келинүүдө. Бул норманы оң рулдуу унааларды жаңыртуу үчүн пайдаланышууда. Буга байланыштуу токтомго өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты, — дешти ведомстводон.