Бишкекте бир катар карантиндик жаңы эрежелер күчүнө кирди

Бишкекте бир катар карантиндик жаңы эрежелер күчүнө кирди.

Эми автобус, троллейбус жана кичи автобустар — иш күндөрү эртең менен саат 7ден 10го чейин жана

кечки 5тен 9га чейин гана иштейт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толугу менен токтотулат.

Кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайлары эртең мененки 8ден кечки 8ге дейре ачык болот.

Ал эми супермаркет, соода борборлору эртең мененки 7ден кечки 7ге чейин жана базарлар күн сайын

саат 6дан баштап кечки 5ке чейин гана ишин улантат. Мындай чаралар эпидемиологиялык

абалдын курчуп жатканына байланыштуу кабыл алынды.