Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу аяктады. Монополдукка каршы мамлекеттик агенттик учурда көмүрдүн баасы туруктуу экенин билдирди.
Эске салсак, кара отунду мамлекеттик жөнгө салуу 11-октябрда 90 күнгө киргизилген.
Анын алкагында, миңден ашык соода түйүндөрү текшерилген. Монополдукка каршы орган көмүргө мониторинг улана турганын белгиледи.