Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн 400 электродук китеп иштелип чыкты.
Билим берүү министри Каныбек Исаковдун айтымында, онлайн-сабак
уюштуруу үчүн 210 педагог атайын окуудан өттү. 30 мүнөттөн турган
видео-сабактар YouTube каналында жеткиликтүү жана мамлекттик
телеканалдар аркылуу өткөрүлөт. Бул үчүн класстарга ылайык,
сабактардын атайын жүгүртмөсү түзүлөт. Эске салсак, өлкөдөгү
өзгөчө абал жана кырдаалга байланыштуу 8-апрелден тартып
бардык билим берүү мекемелери дистанттык түрдө окуп башташат.