Бишкекте ысык суу 17-майда өчүрүлөт

Бишкекте ысык суу 17-майда өчүрүлөт. Тиешелүү жарлыкка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду. Белгилеп кетсек, ордо калаада жыл сайын ысык суу берүү 1 айга токтотулат.

 

Бул убакыт аралыгында адистер суу түтүктөрүн оңдоп, жылуулук сезонуна даярдык көрүшөт. Ысык суу кайра 17-июнда берилет деп пландалууда, — дешти мэриядан.