Кыргызстан толугу менен электрондук амбулатордук карталар менен жыл аягына чейин камсыздалат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Клара Өскөмбаева билдирди.
Анын айтымында, бул системанын ачык-айкын иштешин камсыздап, медицина кызматкерлерине кошумча акыны туура бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өткөн жылы пандемиядан улам, электрондук амбулатордук карталарды киргизүү ишке ашкан эмес.