Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына балдарына сак болуу сунушталат

Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына балдарына сак болуу сунушталат. Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, бөбөктөр терезелерден ата-энелердин шалаакылыгынан улам кулап түшкөн учурлар көбөйүүдө.

 

Андыктан, балдарды ачык терезелердин жанында калтырбаш керек. Эгер темир торлорду орнотууга мүмкүнчүлүк жок болсо, айнектерди толук ачууга жол бербей турган атайын блокираторлорду орнотуу керек, — дешет милициядан.