Бишкекте ысык сууну 1-июндан тартып өчүрүү пландалууда.
Бул тууралуу novosti.kgге мэриянын басма-сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 15-майдан тартып ысык сууну берүүнү токтотуу пландалган.
Бирок мөөнөттү жылдыруу чечими коронаврустан улам кабыл алынган.
Эске салсак, жыл сайын батир жашоочуларына 1 айга ысык суу өчүрүлөт.
Бул учурда кийинки жылга карата жылуулук тармактарында оңдоп-түзөө иштери аткарылат.