Бишкекте жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобустар ишин улантууда.
Мэриядан билдиришкендей, шаардыктарды бекер жеткирген унаалардын
саны 25ке жетти. Бугүн эртең менен алар 4өө болчу. Акысыз транспорт
№100, 214 жана 211 маршруттук линия боюнча каттайт. Андан тышкары,
муниципалитетке тиешелүү 110 автобус жана 141 троллейбус
үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бүгүн алар кечки саат 11ге чейин иштейт