АКШдагы мекендештер өлкөгө акыркы үлгүдөгү мобилдик рентген алып беришти.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
медициналык жабдуу Ак-Суу районунун аймактык ооруканасына тапшырылды.
Анын баасы 1,5 миллион сомду түзөт. Мобилдик көчмө аппарат Түштүк Кореядан алынып келинди.
Эми рентген аппаратын алууга жумшала турчу 1,5 миллион сом Жаңы-Арык
айылындагы мектепти оңдоого багытталат, — дешти өкүлчүлүктөн.