«Үч улуттун кубогу» эл аралык футбол мелдешинде Кыргызстан Бангладешти утуп алды.
Беттеш 4:1 эсебинде жыйынтыкталды. Голдорду Элдар Молдожунусов, Алимардон Шүкүров,
Турсунали Рустамов жана Бактияр Дүйшөбеков киргизсе, Бангладешке таандык бир голдун
автору Махбубур Рахман. Эске салсак, Кыргызстан курамасы буга чейин Палестинаны дагы
1:0 эсебинде жеңген. Оюндар 2023-жылы Кытайда белгиленген Азия кубогунун тандоо
оюндарына даярдыктын алкагында өттү.