Бишкек: мектеп директорунун сынагына катышкандардын 62% босого баллдан өттү

Бишкекте мектеп директорлугу үчүн сынакка катышкан 129 талапкердин 62 пайызы же 79у босого баллдан өттү.

Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинованын «Азаттыкка» айтымында, айрым мектептердин директорлук кызматы үчүн 8-10 талапкер атаандаш болду. Талапкерлер 61 бош орун үчүн күч сынашкан.

Республика боюнча директор тандоо боюнча тестирлөөдө эң жогорку пайыздык көрсөткүчкө 56 жаштагы Эрмек Усекеев ээ болду.

Ал 80 суроонун 70ине туура жооп берген.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек