Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.
Кайрымдуулук иш-чарасы айыл тургундары тарабынан ишке ашты. Анын алкагында
жалпысынан 18 үй-бүлөгө азык-түлүк топтому таратылды. Ага күнүмдүк турмушка
керектелүүчү ун, күрүч, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүктөр кирди.