Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча пайда болот

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча пайда болот.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, 2 кабаттуу имараттын жалпы аянты дээрлик 1 миң 900 чарчы метрди түзүп, 180 бөбөккө чакталат. Учурда сырткы жасалгоо, аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, буу казандар курулуп жатат.

 

Бала бакчада уктоочу бөлмөлөр, оюн аянттары, медициналык кабинет, музыка класстары жана бардык талаптарга жооп берген ашкана болот.