Кыргызстанда көп балалуу энелер сыйланат

Кыргызстанда көп балалуу энелер сыйланат. Президенттин жарлыгына ылайык, “Баатыр эне” ордени 7 же андан көп балдары бар 819 аялга берилет. Ал эми “Эне даңкы” медалдары менен алты баланы тарбиялап келген 516 кыргызстандык сыйланат.

 

Эске салсак, өлкөдө майдын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Бул жылы майрам 16-майга туура келет.