Бишкекте жол сызыктары жаңыланууда

Бишкекте жол сызыктары жаңыланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки аралыгындагы бардык чийиндерди жаңылоо иштери жүрүп жатат. Ч.Айтматов проспектисинде Резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин, Профсоюзная көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки аралыктагы чийиндер жаңыланды.