Баткен облусунун бир катар ишкерлерине жана жарандарына киреше салыгынын чени 10дон 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү

Баткен облусунун бир катар ишкерлерине жана жарандарына киреше салыгынын чени 10дон 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

 

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салыктык жеңилдиктер эки багыт боюнча берилет: өзгөчө салык режими киргизилген айылдарда жана облустун бүтүндөй аймагында. Биринчи багыт боюнча бизнес сатуу салыгынан дагы бошотулат.

 

Ошондой эле, субъектилер мүлккө салык төлөбөй койсо болот. Ал эми экинчи багыт менен жеңилдиктер инвестициялык макулдашуусу жок иштеген салык төлөөчүлөргө берилет.