Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт.

 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документтин максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билимдеринин, иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо. Буга чейин акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөн.