Бишкекте ЖРТ боюнча алтын сертификатка 27 бүтүрүүчү ээ болду

Бишкекте ЖРТ боюнча алтын сертификатка 27 бүтүрүүчү ээ болду. Мэриянын маалыматына ылайык, эң мыкты көрсөткүч – 231 упай №26 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Алия Сарыгуловада.

 

Экинчи орунда №13 мектеп-гимназиянын окуучусу Медер Рахатбеков. Анда 230 упай. Үчүнчүдө 228 балл менен Адил Ахметов турат, ал №61 физико-математикалык мектепти аяктады. Жалпысынан, өлкө боюнча алтын серификатка 58 бүтүрүүчү ээ болду.