Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 70 пайызга аяктады

Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 70 пайызга аяктады.

Бул тууралуу Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришти. Билим берүү мекемеси 375 орунга чакталат.

Учурда объектинин ички, тышкы жасалгалоо жумуштары, терезе, эшиктерди орнотуу, элетромонтаждоо процесси жүрүүдө.

Долбоордун сметалык наркы 1 миллион 28 миң долларды түзөт. Сумма Сауд өнүктүрүү фондунан алынган

насыянын эсебинен берилет. Кошумча корпус жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.