Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түн жарымга чейин суу Айтматов проспекти, Лев Толстой, Кулатов, Панфилов, Горький, Бөкөнбаев, Исанов көчөлөрүн жана темир жолду бириктирген бөлүктө жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.



