Бишкектеги Ата-Түрк паркы жана Жаштар аллеясы оңдолууда

Бишкектеги Ата-Түрк паркы жана Жаштар аллеясы оңдолууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган сейил бактардагы отургучтар оңдолуп, таштанды челектер сырдалды.

Фонтандын айланасындагы гранит плиталары да жарым-жартылай алмаштырылат.

Кошумчаласак, ордо калаадагы сейил бактарына бийлик тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатканын айтып нааразы болгондор арбын.