Кыргызстанда былтыр эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,5 миңди түздү.
Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси
Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, эмдөөдөн баш тартып жаткан
ата-энелердин саны жыл сайын көбөйүп жатат. Эмдөө жүргүзүүгө ата-энелерге
маалымат жеткирүү боюнча иш алып барабыз. Вакциналардын сапаты көзөмөлдө турат.
Алар негизинен Индия жана Россиядан алынып келет, — деди Исмаилова.