Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине төлөмдөр берилет, бирок кечигүү менен.
Бул тууралуу 24 агенттигине Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунан билдиришти.
Буга чейин Бишкекте түнкү башаламандыктарда фонддун имараты талап-тоноого учурады
деген маалымат тараган. Ведомстводон белгилешкендей, бир катар компьютердин жок
болгону системанын иштешине таасир этпейт. Бүт чогулган маалыматтар
калыбына келтирилгенден кийин каражатты берүү жанданат.