Бишкектеги бороон кечке чейин созулат

Бишкектеги бороон кечке чейин созулат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, катуу шамал менен коштолгон кар кооптуу болуп эсептелет. Андыктан, жарандарга унааларын бактардын, жеңил конструкциялардын алдына токтотпой, өздөрүнө дагы этият болуу сунушталат.

 

Зарылчылык жок болсо, сыртка чыкпай туруу керек.

 

Эртең аба-ырайынын шарттары жакшырат, — дешти синоптиктер.