Бишкектеги эки округдагы кайра шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 26-февралда өтөт

Бишкектеги эки округдагы кайра шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 26-февралда өтөт.

 

БШКдан билдиришкендей, мөөнөтүнөн мурда добуш бере тургандардын тизмеси эртең жарыяланат.

 

Ага ооруканада жаткан бейтаптар, камактагылар, үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле аскерге милдеттүүлөр жана аскер бөлүктөрүндө жашагандар кирет.

 

Биринчи Май жана Свердлов райондорунда негизги добуш берүү 27-февралга белгиленген.

 

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоо өнөктүгүн жүргүзүшүүдө.