Таласта прокуратура кызматкерлери үйлүү болду.
Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 4 кабаттан турган 32 батирлүү үйдүн ачкычы аймактагы кызматкерлерге бүгүн тапшырылды.
Маалыматка ылайык, турак жайга мамлекеттик бюджеттен 20 миллион 500 миң сом сарпталды.