Кыргызстанда Курман айт 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Эске салсак, былтыр Курман айт 11-августка туура келген.
Адатта Курман айт орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен айт намазын окуу суроосу чечилип жатат, — дешти муфтияттан.