Кыргызстанда намаздарды мечиттен окууга уруксат берилди

Кыргызстанда намаздарды мечиттен окууга уруксат берилди.

Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, беш убак жана жума намазына келчү

жарандардын беткап тагынуусу керек. Ошондой эле санитардык талаптардын аткарылышы зарыл.

Мындан тышкары даарат алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окулушу шарт. Мечитке келгендер

көп убакыт кармалбай, 20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керек. Ошондой эле жамаат

намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталууда.