Кыргызстанда битир садаканы эми мечитке барбай эле берсе болот

Кыргызстанда битир садаканы эми мечитке барбай эле берсе болот.

Бул үчүн муфтият банк, терминал жана электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган

система иштеп чыкты. Базада 4 бөлүм бар, алар, кайрымдуулук, орозо фитр, зекет жана жетимдер.

Система жыл бою иштейт, — дешти novosti.kgге мусулмандар дин башкармалыгынан.

Эсепке түшкөн каражат жергиликтүү мечиттерге, облустук жана райондук казыяттарга берилсе,

азыраак бөлүгү муфтиятка которулат. Белгилеп кетсек,

быйыл битир садаканын көлөмү ар бир адамга 40 сомдон туура келет.