Бишкектеги көчмө медициналык топтор көбөйтүлөт.
Калаа мэри Азиз Суракматов билдиргендей, учурда вируска
шектүү жарандар менен байланышта болгондорду аныктоо
иштерин ыкчам жүргүзүүгө эпидемиолог дарыгерлерге жардам
көрсөтүү зарыл. Буга чейин Бишкекте Үй-бүлөлүк медицина
борбору жана санитардык эпидемиалогиялык көзөмөл
департаментинин кызматкерлеринен түзүлгөн 10 бригада
уюштурулган. Эми үйлөргө барып экспресс-тестти өткөрүүгө
ар бир командада лаборант болот, бул ыкма көчөдөгү
кыймылды азайтуу үчүн жасалып жатат.