Кыргызстанда 9 дарыгерге коронавирус жукту.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын
жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирет.
Анын айтымында, буга чейин вируска карата 8 дарыгерден анализ
алынган, бардыгы оң көрсөткүчтө. Бүгүн дагы бир медицина кызматкери
илдетке чалдыкканы маалым болду. Алар Бишкек жана Ошто 1ден,
7си Жалал-Абад облусунда аныкталды. Учурда өлкө боюнча 144 адам
коронавируска кабылды. Алар менен 2 миң 200 жаран байланышта болгон.