Куткаруучулар сууда сүзүү эрежелерин эскертет

Куткаруучулар сууда сүзүү эрежелерин эскертет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, уруксат берилген жайда, ал эми жаш балдар чоңдордун көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек, тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат.

 

Ошондой эле, күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт.

 

Жөнөкөй эрежелерди кармануу өтө маанилүү, суу шалаакылыкты кечирбейт, — дешет куткаруучулар.