Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстанга берилди

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстанга берилди.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей,

медициналык мекеме Covid-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн

тапшырылды. Алты кабат жаңы ооруканада заманбап жандандыруу

бөлүмдөрү, жабдуулар жана техника менен камсыз. Анын баары

атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок

Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок

болгондуктан түрк тарап оорукананы алгачкы жылдары

өздөрү башкарат. Белгилеп кетсек, аталган мекеменин курулушу

2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу

келишим ратификацияланбай ачылбай келген.