Өлкөдөгү саламаттык сактоо уюмдары 75 пайызга көмүр менен камсыздалды

Өлкөдөгү саламаттык сактоо уюмдары 75 пайызга көмүр менен камсыздалды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын

жетекчиси Мухтарбек Баймурзаев билдирди. Анын айтымында,  5 миңден ашык медициналык мекеме бар.

Алар электр энергиясы, көгүлтүр от жана көмүр менен жылыйт. Быйыл республикадагы

саламаттык сактоо уюмдарына 17,5 миң тонна көмүр керектелет. Учурда анын 10,5 миң тоннасы түшүрүлдү.

Камсыздоо иштерине 62 миллион 800 миң сом сарпталат.