Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы кытайлык «Sinopharm» вакцинасын ала алышат

Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы кытайлык «Sinopharm» вакцинасын ала алышат.

Мындай чечим коронавируска кабылгандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды, — дешти

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен. Бул үчүн Бишкекте

15 бейтапканада эмдөө түйүнү иштеп жатат. Андан тышкары, өлкөгө россиялык «Спутник V» вакцинасын

алынып келингени дагы таасирин тийгизди. Эске салсак, өлкөгө «Sinopharm» вакцинасынын 150 миң дозасы келсе,

Россиядан «Спутник V» препаратынын 20 миң дозасы жеткирилди.