Коронавирус жуктурган балдардын абалы канааттандыраарлык.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук
саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, бейтаптар 1, 6 жана 14 жашта. Учурда өлкөдө коронавирус
жуктургандардын жалпы саны 44кө жетти. Ал эми 15-апрелге чейин
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу,
Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.