Бишкектеги Шевченко көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери толук аяктады

Бишкектеги Шевченко көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери толук аяктады.

Мэриянын маалыматына ылайык, иштер тилкенин Жибек Жолу проспектисинен

Мичурин көчөсүнө чейинки бөлүктө аткарылды. Калыбына келтирүүнүн алкагында

куруучулар асфальттын эски катмарын алып, люктарды тазалап, жаңы

асфальт катмарын төшөштү. Учурда жол унаалар үчүн кыймылга ачык.