Бишкектик айымдардын басымдуусу мырзаларга белек берүүгө 5 миң сомдой жумшайт. Биздин сурамжылоого ылайык, кыз-келиндер 23-февралда сүйүктүүсүнө, атасына, уулдарына, бир туугандарына жана кесиптештерине белек ыйгарат.
Алардын көбү пайдалуу белектерге ыктаса, айрымдары жөн гана убакытты жакшы өткөрүү үчүн кинотеатр же кафе-ресторандарга барышат. Айымдар үчүн күмүш сырга болсун – мырзалар Мекен сакчылар күнүндө унаасына аксессуар, жакшы фирмадагы кол саат, кийим-кечек алганды каалайт.