Кыргызстанда Калкты каттоо 10 күнгө созулат. Ал кандай шартта өтө турганын Улуттук статистика комитетинин башкы адиси Айзада Тукашева айтып берет.
“Эл каттоо 2020-жылы 23-марттан баштап 1-апрелге чейин болот. Бул эл каттоонун маалыматтары менен биз демографиялык, социалдык-экономикалык маалыматтарды алабыз. Негизи мамлекетте кийинки боло турган пландарга же болбосо кабыл алына турган закондорго чон жардам бере турчу иш-чара”
Белгилеп кетсек, Кыргызстан калкы жана турак-жай фонду каттоодон 10 жыл сайын өткөрүлүп турат.