Бишкектиктер ысык суу келгенине даярданышы керек. Мындай сунушту “Бишкек жылуулук тармактарынын” адистери беришүүдө. Андан белгилешкендей, ысык сууну берүү 1-июлда жанданат.
Ага чейин крандарды текшерип, зарыл болсо, түтүктөрдү алмаштырып алуу керек. Жылуулук батареяларынын ичин жууп кышка даярдап коюу дагы ашыкча болбойт.
Андан тышкары, ысык суунун эсептегичин орнотуп алса болот, — дешти ишканадан. Белгилеп кетсек, ордо калаада жыл сайын ысык суу бир айга өчүрүлүп, тармакта оңдоо иштери аткарылат.